Биринчи кадр
12+
2007Комедия12+
Сюжет
Комедиянын башкы каармандары – өтө “капризный” режиссёр жана абдан шамдагай директор баш болгон фильм тартуучу топ. Эл аралык атак-даңкка, байлыкка жетүүнү кыялданган режиссёр сценарийи боюнча баңгизат ташыган контрабандисттер жөнүн дөгү “Тагдыр” деп аталган тасманы тартууну чечет да, таң эрте тобун чогултуп, шаардын четин көздөй жөнөйт. Белгиленген жерге келээр замат ишти баштоону чечишет. Тартуучу топ даяр. Актёрлор даяр. Биринчи кадр, биринчи дубль. Режиссёр команда берүүдө: “Камера! Мотор! Баштадык!.. Стоп!” Мына деп баштаганда эшек минген чал камераны тосуп калат. Режиссёр кыжыры келип: “Дагы бир жолу тартабыз! Камера! Мотор! Баштадык!.. Стоп!” Экинчи дубль да ишке ашпай калат – алда-кайдан бир үйүр кой келип, жолду тороп калат. “Айдагыла! Мотор! Баштадык!.. Стоп!” Бул жолкусунда кеч кирип бараткандыктан, тартуучу топко тоскоол болгондор бададан түшүп келаткан уйлар болот. А төртүнчүсүндө оператор камерага плёнка салууну унутуп коёт! Ошентип отуруп, биринчи эле кадр үчүн бир нече дубль тартууга туура келет. Салт боюнча биринчи кадр даяр болгон кезде камеранын штативине тарелка сындырыш керек эле. Бирок, киночулар антүүгө жетишпей калышат. Анткени, чыныгы оорчулуктар али алдыда. Баңгизат ташыгандарды кармоо үчүн милиция менен маскачан ОМОНдор келип калышат. Актёрлор менен тартуучу топту мыйзам бузуучулар деп түрмөгө алып кетишсе, жүрөгү кармаган байкуш режиссёрду ооруканага салып кетишет. Жолдун боюнда жалгыз камера гана калат... Бирок, акыры бул окуя ийгиликтүү аяктайт. Киночулар сурак, ОМОНдор дегендерден кутулуп чыгышып, биринчи кадрды “ийгиликтүү” тарткандары үчүн тарелка сындырып, чоң ишин улантышат.