Боз салкын

6+
2007Драма6+

Сюжет

Мурат шаарда өскөн сүйлөшкөн кызы Асеманы эс алууга айылга алып кетет. Ошол убакта чабандын баласы Сагын айылдашы Анарага үйлөнмөкчү болуп, айылдын жарымы кызды ала качууга даярданып жаткан кез болот. Түзүлгөн план боюнча туулган күнгө арналган кечеден кийин Анараны жолдо машина күтүп турат. Бирок, бардык жаштар келген кечеде Асема Муратты башка кыз менен көрүп калып, кечеден качып чыгат. Шаарга кетүү үчүн машина издеп, кокусунан Анараны күткөн машинага түшүп алат да, аны Сагындын үйүнө алып качышат.
Жанр
Драма

Тартуучу топ

Режиссёрлор
Эрнест Абдыжапаров
Башкы ролдо
Асема Токтобекова, Эркин Эгембердиев, Элнура Осмоналиева, Элина Абай кызы, Тынчтык Абылкасымов, Съездбек Искеналиев, Асылбек Өзүбеков, Зарема Асаналиева, Гулмира Турсунбаева, Мукамбет Токтобаев, Канат Мамырканов, Нурбек Юлдашев, Сайра Момунбаева